Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 6-8-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-107-чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Аба ырайы
6-апрелде түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-апрелде күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда тункүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 10…15 градус жылыйт.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° жылуу болот.