Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Ысык-Көлдө машыгууда

Кыргызстанда төрөлүп өскөн, профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында машыгууда.

Ошондой эле Кыргызстанга анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов да келген.

Машыгуу үчүн келген спортчу менен Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков жолугуп, спортчуга шаардын символикасын белек кылган.

21 Март 2024 жыл 16:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча