Жакында эле Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окуудан жактырылды.
Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, долбоор маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы кыйынчылыктарды жоюуну көздөйт.
Анда жарандын каза болгондугу тууралуу маалымкат эки күндөн кечиктирилбей анын жакындарына берилиши керектиги жазылат. Ушул сыяктуу ырастамалар колго тийбей создуктургандыктан, көрүстөндөн жер алуу көп убаракерчиликти жаратып жаткан көрүнүштөр да болуп жатат дейт.
“Мыйзам долбоорунун дагы бир маанилүү бөлүгү кимдир бирөөнүн кайгысынан каражат жасап жаткандарды ооздуктоо. Көрүстөн үчүн жер тилкесин эрте эле сатып алып, кийин аны 40-50 миң сомго соодалап жибергендер дагы жок эмес. Алардын айынан кээ бир зар болгон кишилер насыя алууга аргасыз болгон учурлар бар”,- деди депутат.
Маркумду жерге коюуда мамлекет тарабынан тиешелүү жер аянты бөлүнүп берилиши керек. Андан тышкары жайга жеткирип баруучу транспорт, күмбөздүн тегерегин курчоого алуу жумуштары көзөмөлгө алынып, тиешелүү деңгээлде шарт түзүлүшү керек.
“Өлүк каналардагы айрым өздүгү такталбаган жарандардын да сөөгү ызаат менен жерге берилиши шарт. Ар нерсенин ызааты бар, сөөккө салкын мамиле жарашпайт», — деди ал.