«Достук» чек ара бекетинин айланасы иретке келтирилет

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов «Кызыл-Кыштак» айылдык аймактык башкармалыгындагы «Достук» чек ара бекетинин айланасын иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы жеринде абалды көрүп чыккан соң, тиешелүү кызматтарга «Достук» бекети аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын кыймылын иретке келтирүү, коомдук транспорттор үчүн унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, айланасын тазалоо, соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшүн бирдей абалга келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Бул жумуштарды бир жумалык мөөнөттө бүткөрүү милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, «Кызыл-Кыштак» айылдык аймактык башкармалыгы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын карамагына өткөн.

16 Апрель 2024 жыл 9:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча