Эки курулуш компаниясынын жетекчилери камалды

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеевди камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, ал 4-ноябрга чейин абакта болот.

Соттун маалыматына караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган. УКМК Миңкеевдин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Октябрь райондук соту 11-октябрда “Элитхаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны 9-декабрга чейин камакка алган. Ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдаштырууга айыпталууда.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер да кармалганы кабарланган.

13 Октябрь 2023 жыл 9:19

Тема боюнча