Эмделбеген балдардын мектепке кабыл алынуусу боюнча түшүндүрмө берилди

Эпидемия коркунучу жаралган учурда эмдөөсү жокторду билим берүү мекемесине кабыл алуу убактылуу чектелиши мүмкүн. Мындай талап Кыргызстандын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамынын 84-беренесинин 1-пунктунун 2-подпунктунда жазылганын бүгүн 10-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги эскертти.

Мекеме белгилегендей, мындай чектөө биринчи кезекте мектепке чейинки курактагы балдарга тиешелүү.

Ошол эле учурда министрлик Кыргызстандын Балдар жөнүндөгү кодексинде «ар бир бала саламаттыгынын корголушуна жана чыңдалышына, бекер эмдөөдөн өтүүсүнө укугу бар» деп жазылганын кошумчалады.

Ушул эле күнү Билим берүү жана илим министрлиги да маалымат таратып, жалпы билим берүү мекемелерине бардык балдар кабыл алынарын, себеби ар бир бала билим алууга укуктуу экенин билдирди.

“Бирок балдардын баары медициналык кароодон өтүп, мектепке кабыл алынат. Баласын мектепке берип жатканда ата-эне медициналык маалымкат жана “эмдөө картасын” тапшырат”, — деп айтылды министрликтин маалыматында.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын айтканын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Ал ар бир бала тууралуу медициналык маалымкатты ата-энеден сурабастан, автоматтык түрдө алуу системасы кирерин айтканы кабарланган.

11 Апрель 2025 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча