Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу соода тармагындагы патентти алуу боюнча жаңы электрондук кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Патентти тариздөө үчүн cabinet.salyk.kgсайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алып, бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу жетиштүү. Бул салык төлөөчүлөргө салык органдарына барбастан жана кезек күтпөстөн салык милдеттенмелерин аткарууга шарт түзөт.
Соода тармагындагы патентти онлайн кантип алууга болот?
Патент үчүн төлөм жүргүзүү тартиби:
Белгилей кетсек, төлөм коду жана QR-код түзүлгөн күндүн түнкү саат 00:00гө чейин гана жарактуу. Эгер төлөм көрсөтүлгөн мөөнөттө жүргүзүлбөсө, арыз автоматтык түрдө четке кагылган арыздардын реестрине өткөрүлөт.
Төлөм келип түшүп, ийгиликтүү эсептелгенден кийин патент автоматтык түрдө күчүнө кирет.
Электрондук форматтагы патентти көрүү жана алуу үчүн аны арыздардын реестринен таап, жазуунун оң жагындагы «Аракеттер» баскычын басып, «Басып чыгаруу» функциясын тандаңыз.
Соода тармагындагы патентти кимдер ала алышат?
Патент төмөнкү соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү:
Базардан тышкары соода жүргүзгөн ишкерлер патент алууда болжолдуу жылдык жүгүртүүнүн көлөмүн билиши керек. Анын өлчөмүнө жараша министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген патенттин тиешелүү ставкасы тандалат.
Патент алуу тартиби тууралуу кеңири маалыматты Салык кызматынын sti.gov.kgсайтынан же аймактык салык органдарынан алууга болот.