Эми Түркияда учак токтой электе ордунан тургандарга айып салынат

Түркиянын Жарандык авиация башкармалыгы (SHGM) учак конгондон кийин коопсуздук куру белгисинин өчүшүн күтпөстөн орундарын таштап кеткен жүргүнчүлөргө айып пул салуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка караганда, эрежелер май айынын башында жүргүнчүлөрдөн арыз түшкөндөн кийин киргизилген.

Айып пулдун көлөмү болжол менен 70 АКШ долларын түзөт. Түрк бийлиги мындай окуялардын саны акыркы убактарда кыйла көбөйгөнүн билдирди.

Буга чейин стюардессаларды жүргүнчүлөргө жаңы эрежелер тууралуу маалымат берүүгө көңүл бурууга чакырган.

30 Май 2025 жыл 15:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча