
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Садыр Жапаров тосуп алып, протоколдук жөрөлгөлөр аткарылды.
Мамлекеттик сапардын алкагында эртең өлкө башчылары өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлат.