
Бүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов менен биргеликте жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында жетекчилер Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар медициналык объектилердин курулушу менен таанышты.
Министр жана депутат Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулуш иштери менен жеринде таанышты. Белгилүү болгондой, бул объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 223 млн сомго чукул каражат бөлүнгөн. Жаңы имарат 2025-жылдын 31-августунда пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.
Андан соң жетекчилер Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, төрөт үйүнүн базасында курулуп жаткан жаңы перинаталдык борборду көрүп чыгышты.
75 орунга ылайыкташтырылган бул борбор заманбап талаптарга жооп берген шарттарда курулууда.
Министр ошондой эле ооруканада уюштурулган тез жардам жана төрөт бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө оң баасын берип, бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.
Сапардын жүрүшүндө жетекчилер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен курула турган 7 кабаттуу жаңы имарат үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрүп, долбоору менен таанышышты.
Министр Эркин Чечейбаев облустагы медициналык инфраструктураны жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баасын берди.