
Тажикстанда 2013-жылга чейин өндүрүлгөн автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынгандан кийин тургундар эски унаалардын кымбаттаганына нааразы боло башташты.
Ишкерлер жарандардын жаңы унаа сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин, ошондуктан эски унааларга суроо-талап күчөгөнүн айтууда.
Хоженттеги унаа базары машинелерге жана сатып алуучуларга толгон, бирок соода орто. Сатармандар менен алармандар бир нече саат бою соодалашат, бирок бааны макулдашуу кыйын.
Айни районунун тургуну Мирсаид Нуров мурда эски унаалардын баасы 30 миң сомониге (2700 доллардан ашык) чейин болгонун, азыр базарда 60 миң сомониге чейин көтөрүлүп жатканын айтат.
Деваштич районунан келген Назаркул Жураев да Daewoo Matiz үлгүсүндөгү мурда колдонулган унаанын баасы 10-12 миң сомони экенин белгиледи.
«Азыр сатуучулар мындай унаалар үчүн 40-50 миңден сурап жатышат. Беш-алты эсе кымбат», — дейт ал.
Тажикстан өкмөтүнүн чечими менен 2-октябрдан тарта 2013-жылга чейин өндүрүлгөн унааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынган.
Тажикстан жеңил авто унааларды чыгарбайт. Өлкөгө көбүнчө Европа, Кытай, Корея, Орусия жана АКШдан колдонулган унаалар алынып келинет.
Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматы боюнча, акыркы үч жылда Тажикстанга 2013-жылга чейин чыгарылган 110 миңге жакын унаа киргизилген.