Федерация Кеңеши 7-декабрда өткөн жыйында Орусиядагы президенттик шайлоонун датасын 2024-жылдын 17-мартына белгиледи. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Добуш берүү күнү федералдык мыйзам менен аныкталат, бирок сенаторлордун буйругу шайлоо өнөктүгүн расмий түрдө баштоого жол ачат.
Шайлоого катышуу ниетин Геннадий Зюганов, Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Борис Надеждин, Донецктеги орусиячыл жикчилдердин мурдагы аскер башчысы Игорь Стрелков (Гиркин) жана ржевдик журналист Екатерина Дунцова билдирди. «Новые люди» партиясы өз талапкерин көрсөтүүнү пландап жатканын шардана кылды.