Орусиялык мурдагы UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Лос-Анжелеске уччу учактан чыгарылды. Бул тууралуу EssentlySports жазды.
Басылманын маалыматына караганда, спортчу менен стюардессанын ортосунда жаңжал орун алган.
Маалыматта Нурмагомедов авариялык чыгуунун жанынан орун алганын жана учуу алдындагы инструкция учурунда стюардесса андан өзгөчө кырдаал болгон учурда жүргүнчүлөргө жардам берүүгө даяр экендигин ырастоону суранган. Бирок, Нурмагомедов так жооп бере алган эмес.
Ал эми стюардесса спортчудан башка орунга өтүүнү суранган, бирок ал баш тарткан. Андан соң, сүйлөшүүгө супервайзер кошулуп, ага авариялык катарда кала албасын, антпесе учактан чыгып кетүүгө аргасыз болорун түшүндүргөн.
Жыйынтыгында портал жарыялаган кадрларда Хабиб Нурмагомедов жана анын достору учактан чыгып баратканын көрүүгө болот.
Ал эми бул окуядан кийин мушкер комментарий берип, борт коштоочу башынан эле аны уруша баштаганын айтты.
“Мен англис тилин жакшы түшүнөм жана сүйлөй алам, буга карабастан ал мени ордумду бошотууну талап кылып туруп алды. Ага улуттук, рассалык же башка себептер болгонбу мен билбейм. Кыска сүйлөшүүдөн кийин , коопсуздукту чакырып мени учактан түшүрүштү”, — деп билдирди спортчу өзүнүн социалдык баракчасына.
Ошондой эле ал провокацияга жол бербөө үчүн колдон келгендин баарын жасаганын жана окуядан бир жарым сааттан кийин башка учак менен көздөгөн жерине учуп кеткенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрында Нурмагомедов профессионалдык бокстан кетерин жарыялаган. Хабиб 29 жолу беттешип, үч жолу титулун коргоп, жеңилбестен спорттон кеткен. 2018-жылдын октябрында ал аралаш мушташ өнөрүнүн тарыхындагы эң көп кирешелүү кармашта ирландиялык Конор Макгрегорду жеңген.