ИИМ дин Медициналык башкармалыгында операция жасалып баштады

Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгында хирургиялык бөлмө ачылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер органдарында кызмат өтөө, психологиялык жактан эң оор, ден соолукка зыяндуу, кооптуу кесиптерге ээ жана ошону менен бирге зарыл жана орду толгус кызматтардын бири.

Көбүнчө ички иштер органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда ар кандай жаракат алышат, ушунун негизинде, Медициналык башкармалыгында ар кандай даражадагы хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган муктаждыктар болгон. Буга чейин ИИОнун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелерине же жеке медициналык клиникаларга кайрылышкан.

Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын октябрь айында ИИМдин жетекчилигинин колдоосу менен, Медициналык башкармалыгынын хирургиялык бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык, операция бөлмөсү, операцияга чейинки, стерилдөө жана операциядан кийинки бөлмөлөрдөн турган хирургиялык бөлмөсү ачылды.

Бүгүнкү күндө, кызматкерлерине тери кыйыштыруу жана кол тарамырын калыбына келтирүү боюнча эки операция ийгиликтүү жасалды.

10 Октябрь 2024 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча