
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Бул тууралуу ал парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында айтып, документ толукталып кайра коомдук талкууга коюларын билдирди.
“Депутаттардын, коомчулуктун пикирин эске алып, иштеп чыгып кайра сайтка илебиз. Келечекте элдин шайлоого катышуусун көбөйтүү үчүн иштеп чыкканы калдым”, — деди Икрамов.
Мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлган. Документте Кыргызстанда олуттуу себеби жок туруп шайлоого барбай койгон адамга 5 миң сом айып салуу сунушу жазылган.