Бүгүн 7-ноябрда Кыргызстандын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата сөз эркиндигин жана медианы колдоо максатында “Күч эркиндикте” деген онлайн акция жүрүп жатат.
“Кыргызстандын медиасынын аракеттер платформасы” уюму уюштурган акциянын максаты көз каранды эмес медианы колдоо жана өлкөдө сөз эркиндигин сактоо экени белгиленди.
“Бул күндөрү парламентте жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө эки мыйзам долбоору каралууда. Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам Орусиянын чет элдик агенттер тууралуу мыйзамынын аналогу. Бул демилгелер колдоо тапса көз каранды эмес медианын, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин таптакыр жок болушуна алып келет”, — деп айтылды уюмдун кайрылуусунда.
Демилге социалдык түйүндөрдүн көптөгөн колдонуучулары арасында колдоо таап, алар #күччындыкта #күчэркиндикте #cилавправде #силавсвободе #powerisinthentruth #powerinfreedom #кыргызстан #kyrgyzstan деген хештег менен билдирүүлөрүн жарыялап жатышат.