
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алтынбек Ибраимов (Алтуха) үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.
«Соттун 2023-жылы 4-октябрдагы токтоту менен КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү канааттандырылып, мурда И.А.Т.ны (Алтынбек Ибраимов) камакка алуу түрүндөгү жаза чара 2023-жылы 26-октябрга чейин үй камагына чыгаруу чарасына алмаштырылды», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ «мыйзамдагы ууру» кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) кармоо учурунда жок кылынган. КР УКМКдан билдиришкендей, ал кармоо учурунда атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн.