Күрөш федерациясынын вице-президенти 2 айга камалды

КР Күрөш федерациясынын грек-рим түрүн көзөмөлдөгөн вице-президенти Ахрор Иминов соттун чечими менен камакка алынды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 12-октябрындагы токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, И.А.Х.ны ушул жылдын 4-декабрына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Эскерте кетсек, УКМК Иминовду КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмү («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») менен К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган.

13 Октябрь 2023 жыл 11:14

Тема боюнча