Кадамжайда 41 турак үй сел коркунучунан корголууда

Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында сел коркунучунан коргоо чаралары жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар мингистрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Таш-Булак сел өткөрүүчү сайында ӨКМден бөлүнгөн экскаватор тарабынан 200 метр аралыкта механикалык тазалоо жумуштары башталды.

Жыйынтыгында 41 турак үй, 5 га огород участкасы, 3500 метр ички чарбалык жол жана мектеп сел коркунучунан коргоого алынат.

5 Сентябрь 2024 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча