Кадыр түндү кантип өткөрүү зарыл? (Кеңештер)

Быйыл Кыргызстанда Кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнү белгиленет.

Кадыр түн тосууда сактала турчу бир катар эрежелер тууралуу диний адистин кеңештерин сунуштайбыз:

Эркек мечитте, аял үйдө. Кадыр түндү адам жалгыз деле тоссо болот. Бул түнү мусулман Жараткандан каалоо-тилектеринин орундалышын сурап, эл-жерге тынчтык, молчулук тилесе болот.

Ушактан оолак болуңуз. Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет.

Саарлыкка чейин уктабайт. Ооз жапканга чейин дуба кылып, эртең мененки намазды окуп уктаса болот.

Кадыр түндө жакындарды чогултуп алып шаан-шөкөт, ыр-тамаша менен өткөрүүгө болбойт.

Жакындашпайт. Бул түнү адам таза болуп, жакшы тилектерди тилеп өткөрөт.

26 Март 2025 жыл 10:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча