Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери зордуктоого шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 28-февралда Свердлов РИИБге жаран кайрылып 27-февралынан 28-февралына караган түнү оюн-зоок жайларынын биринде жүргөн жеринен физикалык күч колдонуп, белгисиз жакка алып барып, анын эркине каршы зордуктап кетишкен беш белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду.
«Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2000-жылы туулган 3 жаран жана 2001-жылы туулган 3 адам шектүү катары кармалган. Алар Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди». — деп жазылат маалыматта.