Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу боюнча түштүк аймактар эң активдүү бойдон калууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбеков билдирди.
Анын айтымында, түштүк облустардын тургундары жаратылыш кырсыктарына көп туш болгондуктан, турак жайды камсыздандырууга жоопкерчиликтүү мамиле жасашат.
Мисалы, аймактарда камсыздандыруу менен камтуу деңгээли төмөнкүдөй:
Түндүк аймактарда бул көрсөткүчтөр төмөн:
Турумбеков бул статистика жаратылыш кырсыктары көп болгон аймактар мүлкүн мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо үчүн турак жайды активдүү камсыздандырып жатканын айкын тастыктап турганын белгиледи.
Ал ошондой эле өткөн жылдан тарта турак жайды милдеттүү камсыздандыруусуз кыймылсыз мүлк менен эч кандай операцияларды жүргүзүүгө мүмкүн болбогон өкмөттүн токтому күчүндө экенин эске салды.
«Биз бул токтом, өз кезегинде, Бишкек шаарындагы көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө таасирин тийгизди деп эсептейбиз, анткени сатуу-сатып алуу операцияларынын көбү дал ушул борбор калаага туура келет», — деп белгиледи Актан Турумбеков.