Кара-Балтада 15 кабаттуу 60 блоктон турган заманбап турак жай комплекси курулат (сүрөт)

Кара-Балтада 15 кабаттуу 60 блоктон турган 750 орундуу 2 мектеби менен заманбап турак жай комплекси курулат.

21-февралда Кара-Балта шаарында жаңы көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушуна капсула коюу аземи өттү. Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышты.
15 кабаттуу үйлөрдөн турган турак жай комплекси жалпы 60 блоктон турат.

Комплексте 4 420 батирден турат, алардын ичинен:
• 1 бөлмөлүү – 1 768 батир
• 2 бөлмөлүү – 1 768 батир
• 3 бөлмөлүү – 884 батир

Мындан тышкары, комплекстин аймагында 80 коммерциялык жай каралган. Жергиликтүү тургундар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап инфраструктура камсыздалат.

Анын ичинде:
• 750 орундуу эки мектеп (2 нөөмөттүү)
• 280 орундуу эки бала бакча
• Балдар аянтчалары
• Эс алуу зоналары
• 2 064 орундуу унаа токтотуучу жай
• Өзүнүн жеке заманбап жылуулук борбору (котельня).

Бул долбоор шаарды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзөт.

21 Февраль 2025 жыл 16:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча