
Бишкекте шаардын сыртына кеткен аялдамаларга токтогон унааларга рейд жүрүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүн Бишкектеги Ю.Фучик көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде, Кара-Балтага Сокулук жана Беловодскийге кетчү аялдамада коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жараткан жеңил унаалар жана кичи маршруттарды тазалоо боюнча рейд өткөрүлдү.
Белгиленгендей, иш-чара Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана Бишкек ШИИББсынын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурулду.
Рейд учурунда айрым кичи автобустардын жана жеңил унаалардын айдоочулары, уруксатсыз “Бишкек шаардык транспорт” МИнин атайын кийимдерин кийип алып, коомдук транспорттон жүргүнчүлөрдү тартып алууга аракет кылган учурлар катталды.
Эске салсак, бул көрүнүш боюнча “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасына жарандардан нааразычылык билдирген арыздар келип түшүүдө.