Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1-мартта 16 жаштагы өспүрүм асынып каза болгону кабарланды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка караганда, 1-март күнү саат 14:30 чамасында Кара-Көл шаардык милициясына шаардык ооруканага А.А. аттуу тургун шаардагы мал сарайында асынып каза болгону тууралуу кабар түшкөн.
Бул фактыны милиция териштирип жатат. Маркум 2009-жылы туулган А.А. экендиги такталган. Сөөккө сырттан кароо жүргүзүү учурунда денесинен жаракаттар аныкталган эмес. Өспүрүмдүн жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук- медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.
Каза болгон өспүрүм Кара-Көл шаарындагы мектептердин биринин 9-классынын окуучусу болгон.