«Кара-Суу» базарында иштеген соодагерлер митингге чыгышты

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Кара-Суу» базарында иштеген соодагерлер митингге чыгышты.

Алар ККМ аппараттарын жана электрондук эсеп-фактура киргизүүгө, ККМ аппараттарын колдонууга жана текшерүүлөргө нааразы болушууда. Соодагерлер Кара-Суу райондук администрациясынын алдына чогулушкан.

Белгилей кетсек, «Кара-Суу» базары «Дордой» базарынын катарында өлкөдөгү ири соода жайларынын бири болуп саналат.

29 Ноябрь 2023 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча