Кара-Сууда 225 орундуу мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында жайгашкан №20 Насыров атындагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Объекттин курулушу 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга даяр.

Мектеп 2 кабаттуу имараттан түзүлүп, спорттук зал, өтмөк галерея, откана, көмүр сактоочу жай, даараткана, өрт өчүрүүчү резервуар, септик каралган.

5 Декабрь 2023 жыл 22:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча