Каракчылык, аткезчилик жана 2014-жылдагы адам өлтүрүүгө шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Муса» каймана аты менен таанымал Г.М. болжол менен 2012-жылдан бери ишкерлерден акча талап кылуу, ошондой эле Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында тоноо жана каракчылык кылуу менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү аныкталды. Бул боюнча «Кылмыштуу коомдошдукту түзүү же ага катышуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыштуу топ Баткен облусу аркылуу Тажикстанга эл керектөөчү товарларды аткезчилик менен ташууга, баңгизаттарды жана уурдалган унааларды ташууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынган.
Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1977-жылы туулган жаран Г.М. (Муса) кармалды. Аны тинтүү учурунда төмөнкүлөр табылып алынды:
Кармалган адам мурда каракчылык, ден соолукка оор залал келтирүү жана опузалоо боюнча бир нече жолу соттолгон.
Андан аркы кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ош облусунун аймагында кылмыштуу топтун башка катышуучулары аныкталып, кармалды:
Аталган адамдар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна киргени жана “Дженго” деген каймана аттуу криминалдык төбөл Кадырбек Досонов менен түз байланышта болуп, уурулук идеологиясын ачык жайылтып, өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланганы аныкталды.
Топту андан ары иликтеп чыгуунун жүрүшүндө кармалгандардын 2014-жылы Баткен шаарында жасалган жеке ишкерге кол салуу жана өлтүрүүгө тиешеси бар болушу мүмкүндүгү маалым болду.
Алсак, 2014-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип, А.Ш. менен А.Ш.га бычак колдонуп, акча талап кылышкан. Андан соң жабырлануучуларга бычак менен жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучулар Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк жабырлануучулардын бири А.Ш. алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Учурда кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Тергөө амалдары уланууда.