Караколдогу борбордук сейил бак реконструкцияланууда

Караколдогу 100 жылдык тарыхы бар Пушкин сейил багы реконструкцияланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейил бак министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан реконструкцияланууда. Долбоордун алкагында аймак толугу менен жаңыланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттары түзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө сейил бактагы 12 аттракциондун курулушу аяктап, калган объектилер боюнча бетон жумуштары толугу менен бүткөрүлгөн. Ошондой эле административдик имараттын курулушу аяктап, амфитеатр, кафетерий жана башка көмөкчү объектилерде иштер уланууда.

Мындан сырткары, инженердик тармактарды куруу иштери бүткөрүлүп, велосипед жолу, унаа токтотуучу жай жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Учурда 5 гектар аянтта газон төшөө жана автоматтык сугаруу системасын орнотуу иштери аткарылууда.

Долбоорго ылайык, сейил бакта заманбап аттракциондор, фонтан, балдар лабиринти, тамактануу жайлары, ошондой эле спорттук жана эс алуу аянтчалары жайгаштырылат.

17 Июнь 2026 жыл 17:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча