Казакстанда убакыт 1 саат артка жылдырылды

1-мартка караган түнү Казакстанда убакыт эсеби теңдештирилди.

Астана, Алматы жана башка чыгыш Казакстандын убактысы 1 саатка артка жылдырылып, батыш Казакстандын убактысы менен теңделет. Буга чейин батыш менен чыгыш Казакстанда убакыт 1 саатка айырмаланчу.

Ошентип, бүгүндөн баштап Өзбекстан, Тажикстан, Түркменистан жана Казакстан бирдей убакыт ченинде болот. Башкача айтканда, аталган өлкөлөрдө саат 10 болсо, Кыргызстанда 11 болгон болот.

1 Март 2024 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча