Кийинки жумада кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

Кийинки жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Эмгек министрлиги буга чейин билдиргендей, Нооруз майрамы 21-март бейшемби күнгө туш келет. Андан кийинки 22-марттагы иш күнү 8-апрелге жылдырылган.

7-апрель — Элдик апрель революциясына байланыштуу календарда кызыл менен белгиленген. Бул күн жекшембиге туш келгендиктен жарандар 8-апрель, дүйшөмбү эс алышы керек болчу. Ошентип өлкөдө 21-марттан 24-мартка чейин дем алыш болот.

12 Март 2024 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча