Кирүү акысыз. Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт

Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирет.

Тасмалар 15-16-ноябрь күндөрү «Ала-Тоо» кинотеатрыда көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Иш-чаранын расмий ачылышы 15-ноябрда саат 18:00дө өтүп, саат 18:20да кинотеатрдын чоң залында «Даньте» фильми көрсөтүлөт. Ал эми саат 20:00дө көрүүчүлөрдүн назарына «Сага чуркайм» тасмасы тартууланат (кичи зал).

16-ноябрда саат 12:00дө «Орландо», саат 14:30да Ipersonia фильми көрсөтүлөт. Эки тасма тең кичи залда коюлат.

12 Ноябрь 2023 жыл 15:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча