Кочкор айылына жаңы автобекет курулат

Нарын облусунун Кочкор районуна жаңы автовокзал курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы курула турган автобекеттин эскиздик долбоору Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Долбоор министирлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун колдоосу менен жана Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде иштелип чыкты.

«Автобекет жаңы заманбап дизайнда жана бардык нормаларга жооп берет. Автобекеттин жанындагы жерлер кошулуп жалпы 1,5 гектар жерге жайгашат», — деп айтылат маалыматта.

1 Март 2024 жыл 17:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча