Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алды

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 84 адамды түзөт, алардан 78 адам бир жолку төлөм алса, 6 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 4200 АКШ долларын түздү.

30 Ноябрь 2023 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча