4-мартта КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы (БУУ), Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору Ивана Живковичти кабыл алды.
БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨПтун Администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюронун директору И.Живкович Кыргызстанга 2024-жылдын 3-мартынан 7-мартына чейин биринчи жумушчу сапары менен келди. Бул сапарынын алкагында И.Живкович Ош жана Баткен облустарына барып, ошондой эле Бишкектеги бир катар иш-чараларга катышат.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2023-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2024-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, эл аралык жана аймактык иш-чараларды талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча БУУ тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды. И.Живкович БУУӨПтун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча ишти улантууга даяр экендигин белгиледи.