Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бишкекте жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюуга арналган улуттук форумда чек ара маселесине учкай токтолду. Ал расмий Бишкек кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелерди чечип, коңшу Тажикстан менен жаңы жылга чейин делимитациялоо иштерин бүтүрүүгө аракет кылып жатканын билдирди.
«Биз чек арадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жигердүү иштеп жатабыз. Кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык делимитациялык процесстер аяктады. Эки өлкөнүн, Кыргызстан менен Тажикстандын башчыларынын тапшырмасынын негизинде жаңы жылга чейин бардык чек арадагы маселелер чечилди деп маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз»,-деди Жапаров.