Кыргызстан жаңы учак сатып алды

Кыргызстандын делегациясын ташый турган учак алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди.

«Бүгүн кубанычтуу жаңылык менен бөлүшүп жатам, сатып алган жаңы самолет “Манас” аэропортуна конду. Бул “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак Кыргызстандын делегациясын ташыйт.

Мамлекетибиз буга чейин кыргыз армиясына, өзгөчө кырдаалдар тармагына, жол куруу, кен казуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жана ар кандай багыттагы атайын техникаларды сатып алган.

Учурда аймактарда аэропорттор курулуп жатат, алды кызмат көрсөтүүгө даяр. Өткөн жылы эки 80 орундуу жана 9 орундуу самолет сатып алынды. Алар өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү арзан каттам менен камсыздайт. Ушул жылы дагы бир учак алынат», — деп жазган ал.

28 Март 2024 жыл 16:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча