Кыргызстанда 2023-жылдын 11 айында 660 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, план ашыгы менен аткарылды.
“Жалпысынан 2023-жылы 621 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, иш жүзүндө 660 чакырымга асфальт-бетон төшөлдү. Белгилей кетсек, министрлик тарабынан 2023-жылы автотранспорт тармагын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылып, буга байланыштуу көрсөткүчтөр кыйла жогорулады. Салыштырсак, 2021-жылы 230,4 чакырым жолго, ал эми 2022-жылы 498,6 чакырым жолго асфальт төшөлгөн”, — деди ал.
Министр белгилегендей, ошондой эле казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмүнүн көбөйүшү менен жолдор насыя, чет элдик компаниялардын жардамы менен гана эмес, ата мекендик ишканалар тарабынан да курула баштады.
«Мисалы, Ош – Баткен – Раззаков, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Киров, Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолдору бюджеттин каражатынын эсебинен курулууда”, — деп жыйынтыктады сөзүн Текебаев.