Министрлер кабинетинин токтому менен башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган унааларды Кыргызстандын аймагына кирүү (ташып кирүү), чыгуу (ташып чыгуу) жана аларды Кыргызстандын аймагында эксплуатациялоо тартиби бекитилди.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, документ расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин – 2025-жылдын 3-майынан тартып күчүнө кирет.
Бул Тартип аркылуу төмөнкү маселелер жөнгө салынат:
Белгиленгендей, бул тартиптин кабыл алынышы транспорт каражаттарын пайдалануу жана кыймылга келтирүү чөйрөсүндө Кыргызстандын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган.