Кыргызстанда эркектер канча жашында үйлөнөт?

Кыргызстандык эркектер 20-29 жашында үй-бүлө курууга басым жасашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.
Биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо курагы 27,9 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердики 34,6 жашты түзөт.
Мындан сырткары, Статкомдун маалыматында өлкөдө 2024-жылдын башына карата 3,5 миллион эркек жашай турганы жазылган. Алар калктын 49,5 пайызын түзөт. Республикадагы эркектердин үчтөн экиси айыл жеринде жашаса, ар бир алтынчы эркек Бишкекте турат.

23 Февраль 2024 жыл 10:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча