Кыргызстандык эки окуучу планетадагы эң мыкты университетке өтүштү

Элдар Искандеров менен Искен Кенжебаев Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) окууга укук алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Азис Абакиров Facebook баракчасына билдирди.

Эки окуучу тең Улуу Британияда өткөн IMO-2024, 65-эл аралык математикалык олимпиаданын күмүш медалынын ээси.

Жыл сайын Массачусетс технологиялык институту 80 эл аралык студентти тандап алат. Тандалган студенттер үчүн окуу бекер. Акыркы 10 жылда кыргызстандык мекендештерибиз мындай мүмкүнчүлүккө экинчи жолу гана ээ болушту.

Белгилей кетсек, жакында жарык көргөн QS World University Rankings 2025 рейтингине ылайык, Массачусетс технологиялык институту биринчи орунда турат жана планетадагы эң мыкты жогорку окуу жайы катары таанылган.

17 Март 2025 жыл 16:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча