Кыргызстандык оор атлетчи дүйнө кубогунда бешинчи орунду ээледи

Кыргызстандык оор атлетчи Нурсултан Тармалов Тайланддын Пхукет шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнө кубогунда бешинчи орунду ээледи.

Тармалов мелдешке 96 кг чейинки салмакта катышкан. Бул салмактагы категория боюнча 10 спортчу катталган.

Кыргызстандык спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 кг, түртүп көтөрүүдө 170 кг салмакты багындырган.

Жыйынтыгында эки дисциплинанын эсеби менен 321 кг көтөрүп 5-орунду ээледи.

Бага чейин Эмил Молдодосов 89 кг салмака чейинки категорияда 12-орунду ээлеп, 73 кг чейинки салмакта күч сынашкан Элзар Таиров 24-орунду камсыздай алган.

8 Апрель 2024 жыл 14:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча