
Нооруз майрамын утурлай Тажикстандын Худжанд шаарында өткөн эл аралык мелдеште ат чабыш жана жаа атуу боюнча Кыргызстандын курама командасы байгелүү орундарды ээледи.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар беш медаль — 1 алтын жана 4 коло утушту.
Чабандес Ариет Жолдошбеков 2000 м Карабаш аргымагы менен таза кандуулар арасында 3-орунду ээледи. Аттын ээси Бактияр Ширинов, машыктыруучу Олег Рубас жана чапкан Ариет Жолдошбеков.
Эске салсак, аргымак таза кандуу эмес.
Ал эми жаа атуу боюнча жекелик түрүнөн (U-21) Динар Бекбалиева 1-орунду, Эмирбек Машев 3-орунду ээледи. Жуптук оюндарда Эмир Машев жана Динар Бекбалиева коло медалга ээ болду.
Олимпиадалык аралык (70 м) боюнча аралаш командалык оюнда Эмир Машев (U-21) 3-орунду ээледи.
Курама машыктыруучу Кылычбек Нурманбетовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Ошондой эле 15-17-март күндөрү Тажикстандын улуттук күрөшү Гуштингри күрөшү боюнча мелдеш Пенджикент шаарында өтөт.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:
Курама команда Ягуб Алиев Торун Оглынын жетекчилиги алдында мелдешке катышат.