Кытай Кыргызстанга Бедел өткөрмө бекетин курууга 41 миллион доллар бөлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Үрүмчү шаарында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолукту. 

Сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктарынын бири Кытай тараптын транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө грант берүүсүн талкуулоо болду.

Кеп 41,4 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык жардам тууралуу болуп жатат, аны Кытай Кыргызстанга кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» жаңы өткөрүү пунктун (КП) куруу үчүн бөлөт.

Бул долбоор ошондой эле Кыргызстан менен Кытайды бириктирип, жүк ташуу үчүн альтернативалуу жолду камсыз кылган Барскоон-Бедел-Учтурфан-Аксу транспорт коридорун өнүктүрүүгө түздөн-түз байланыштуу.

Ошондой эле кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштешин жана модернизацияланышын камсыз кылуу зарылчылыгы белгиленди. Тараптар бул демилгелер эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданы көбөйтүүгө олуттуу салым кошоорун белгилешти.

17 Март 2025 жыл 10:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча