Кыз-келиндер курамасы Лицензиялык мелдешке жана Азия чемпионатына катышат (тизме)

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама командасы Азиялык лицензиялык мелдешине жана Азия чемпионатына катышат.

Олимпиадага жолдомолор берилчи лицензиялык мелдеш үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Бишкек шаарында өтөт.

Ал эми Азия чемпионаты 11-16-апрель күндөрү болмокчу.

Лицензиялык мелдеш:

53 кг: Айжан Сабырбек кызы
57 кг: Калмира Билимбек кызы
68 кг: Мээрим Жуманазарова

Азия чемпионаты:

53 кг: Айжан Сабырбек кызы
55 кг: Азиза Келдибекова
57 кг: Калмира Билимбек кызы
62 кг: Айсулуу Тыныбекова
65 кг: Жаркынай Нурланбек кызы
68 кг: Гүлнура Таштанбекова
72 кг: Нурзат Нуртаева
76 кг: Айпери Медет кызы

Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында жаракат алып, мелдештин аягына чыкпай, 68 кг салмакта Олимпиадага лицензия ала албай калган. Ал төрт айлык тыныгуудан кийин кайрадан килемге чыкты.

23 Март 2024 жыл 23:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча