Кызыл-Кыяда эгиз балдар төрөлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, эгиз уулдарды күн мурун, 17-декабрда Махбубахан Кулдашева жарык дүйнөгө алып келген. Учурда эне жана балдардын саламаттыгы жакшы.
Облус башчысы Айбек Шаменов жаңыланган Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнөн кабар алып, сапарынын алкагында Махбубахан Кулдашеваны куттуктап, белектерин тапшырды. Облус башчысы балдарга узун өмүр, кең келечек каалады.
Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйү республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Учурда 70 орунга ылайыкталган мекемеде эне жана баланын ден соолугу үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн.