Лейлекте орусиялык альпинист изделүүдө

Кыргызстанда дайынсыз жоголгон орусиялык альпинистти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издеп жатат. Аталган мекемеден 20-февралда кабарлашкандай, ал акыркы жолу 16-февралда Баткен облусунун Лейлек капчыгайындагы Аксуу чокусунан байланышка чыккан. Андан бери дайыны жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоголгон альпинисттин аты-жөнүн жарыялаган жок, инициалы Г.Е. экенин билдирди.

Кыргызстандык куткаруучулар менен кошо орусиялык үч альпинист да аны издеп жатат.

21 Февраль 2024 жыл 15:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча