Лифт менен имараттын жер төлөөсүнө түшүп кеткен жаран куткарылды

Ошто курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн лифтинен бир адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «112» кызматына Ош шаарынын А.Масалиев проспектисининде жайгашкан курулуш иштери жүрүп жаткан турак үйдө 1 адам лифт менен ылдыйга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө саат 10:30да Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жерине жеткенде 1994-жылы туулган А.Г. аттуу жумушчу иш кылып жатып 1 кабаттан имараттын жер төлөөсүнө түшүп кеткендиги аныкталган. Куткаруучулар жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык.

26 Октябрь 2023 жыл 15:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча