Өлкөдө 2025-жылдын I жарымында 6 футболдук стадион пайдаланууга берилет

2025-жылдын I жарымында 6 футболдук стадиондун курулушун бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда, — деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын спорт жана дене тарбия чөйрөсүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Минкаб башчысы белгилегендей, Орок айылында 51 миң көрүүчүгө эсептелген, ФИФАнын стандарттарына жооп берген эл аралык класстагы стадиондун курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

8 Апрель 2025 жыл 17:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча