
Өлкөдө жазгы талаа иштеринин 10 пайызы аяктады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.
Министрдин айтымында, аймактарда жер айдоо, үрөн себүү жана техника менен камсыздоо иштери өз графигине ылайык жүрүп жатат.
“Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жазгы талаа жумуштары 400 миң гектар жерге план коюлган болсо, азыр анын 40 миң гектар жеринде үрөн себүү иштери аяктады. Жалпысынан жазгы талаа жумуштарынын 10 пайызы аткарылды. Айрыкча Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иштер жигердүү жүрүүдө. Нарын жана Талас облустарында азырынча баштала элек, бирок алар жазгы талаа иштерине толук даяр. Дыйкандарга бардык деңгээлде көмөк көрсөтүлүүдө, техника жана үрөн маселесинде мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатат», — деди Бакыт Төрөбаев.
Ал белгилегендей, аймактарга күйүүчү май жеткирүү, минералдык жер семирткичтерди бөлүштүрүү жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча иштер да өз убагында уюштурулган.
«Мындан сырткары, дыйкандарга кайсыл продукту өндүрүү боюнча, ал продуктуну кайсыл жактарга сатуу керектиги боюнча дагы маалыматтар берилип жатат»,- министр.